Читать онлайн
Бабалардын жанырыгы

Нет отзывов
Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»

А. Токомбаев


Китеп касиеттүү Беккулу атанын урпактарына арналат.


***


«Жараткан Теңирим өзүң колдой көр!»

Ак бата сөзү.


***

«Касиеттүү, ыйык Бугу энемин арбагы «колдосун!»

Ак бата сөзү.


***

«Беккулу атамын талы колдосун!Оомийин!».

Карылардын урпактарга берген бата сөзү.

***


Аркы атабыз Ырыскандан

Айдыңдуу кеп башталган.

Байыркынын башталмасы

Баардык элге таралган.


ЫРЫСКАН


Мен бир жолу Ийри -Колот менен келе жаткам.

Быйыл жаан көп жаагандыктан сайдын жээгинде жашаң чөп белден буралат. Арык жээгинде ала бата козу карын, арпа чөп жыш өскөн экен. Арыктан ары ар түркүн гүлдөр жанаганын көзүм чалды. Боз үйдүн оордундай тегиз жерде бир кары адам кичинекей баласы менен отурганын байкадым.

Бул баягы келишимдүү узун бойлуу, айрыкча балдарга өтө жакын, кебетесине карылыктын элеси али келе элек Темиркан деген асыл карыя экенин баамдадым. Карыядан кыйгач кетүү мүмкүн эмес эле. Салт боюнча, кичүү адам улууларга салам берип, ден соолугун сурап, анын алдынан өтүп коюу парз экен. Учураша жанына барып сүйлөшө кеттим. Ал ата-бабасынын санжыра уламышын, жомокторун жакшы билчү эле. Салам берип аркы-беркини сүйлөшүп бүтүп:

–Чоң ата мага ата-бабанын уламышын айтып бербейсиңби,-дедим.

– Айтса айтып берейин санжырага кызыгасыңбы,-деди асыл карыя.

Анын көздөрү бүркүттүкүндөй сүрдүү болуп, сөздү куюулуштуруп маңыздуу айткандыгы адамды бир кубантып, бир сүйүнтүп, бир кайгыртат. Ал чөнтөгүндөгү чакчасын алып, насбай атып, ары бурулуп түкүрүп, саамга ойлонуп калды да: – Балам, бул улама, жомок окуянын кандай болгонун мен да билбейм, бирок уламада ушундай деп айтылат.

«Ошол байыркы замандын заманында кыргыз ажосу журтту чыңап, башкаларга кор кылбай кыргыз элин башкарып турган экен. Андай күчтүү өлкөнү билгич өкүмдар башкарып турганы абзел эмеспи. Бирок кыргыздарды каратып, жерин, байлыгын тартып алуу үчүн чет жактагы коңшулар көз арта баштайт. Айрыкча кара кытай, калмактар, аттын кулагы менен тең ойногон уйгурлар жана башка майда барат элдер. Аларды кыргыз түздүктөрү, шаркырап аккан сайлары, көгүлтүр көлдөрү, берекелүү жерлери суктанта тартып жатпайбы. Ата-бабадан калган жерлерибизди ээлеп, биздин журтту башка жактарга сүрүп, же такыр тукум курут кылгысы келишет. Касиеттү өкүмдар ажо алардын кара санатай оюун даана билип, жоокерлерин топтоп, чыңдап, тартипке келтирип, баардык кезде элди шайма-шай даярдыкта кармап турду. Ажо аябай узак жашка барган эле тагдырыбы, бир күнү эли менен кош айтышып кете берди. Касиеттүү адам кайтыш болгонун угуп чет элдик басып алуучулар карышкырдай кутура баштады. Алар ажонун кош айтышып кеткенинен пайдаланып басып алууну каалап жатты. Эл-эл, журт-журт эмеспи жоокер куралып душман менен салгылашууга өттү. Жунгарлык калмактар тез эле кыргыз элин басып алууга аракет кылып жатты. Кармаш катуу болуп кан төгүлдү. Айбалталар кыңгырап, кылыч белде шыңгырап турду. Баатырлар өлүп бара жатып, күн нурун аянычтуу карап: « Пендем бизге кылаарың ушул беле? Кош бол жарыкчылык! Кош бол өмүр!»– деп тиги дүйнөгө узап кетип жатышты. Өлөт десе өөрчүгөн, түгөнөт десе түтөгөн душмандардын кошуундары үстү-үстүнө келип жатышты. Учкан жебеден күн көрүнбөй калып, ат үстүндө кармаштан эрлердин денеси талып, адам өлүгү боо, ат өлүгү тоо болду. Каргалар каркылдап, кузгундар куркулдап, бөрүлөр кыр ашып, түлкүлөр жыт алып турду. Алардын коркунучтуу добушун угуп, адамдар саруулап үрөйлөрү учуп жатты. Жырткыч жорулар адамдардын этин жеп, тойгонунан асманга жогору көтөрүлүп уча албай калды. Ай талаада эр өлүп, ат кишенеп, армандуу добуш айланага эшилет. Эркин жел ары-бери «Өлүм-өлүм» деп жортуп жүрөт. Баарынан армандуусу, ошол кармашта айбалта менен чабышып, жоо менен алышып жүрүп, кыргыз ажосунун баатыр уулу окко учуп шейит кетти. Жунгарлар кумурскадай жайнаган эл эмеспи, биринин артынан бири келип, согуш көпкө созулду. Башка элдер жунгардык калмактарга туруштук бергени үчүн кыргыз элинин эрдигине суктанат. Акыры кыжылдаган жунгарлар « Бул элди жеңе албайт экенбиз» деп согушту токтотушту. Бул эң жаман айла-амал эле. Кыргыздар «Баш аягыбызды жыйалы»– деп тынчып калышты. Анан душман тарап кайра күчтөнүп, кыргыздарды аябай талкалайт. Ошондо биздин элибиз кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабылып, аман калгандары жан айласы кылып, тукумун сактап калыш үчүн туш-тушка качып, тоо-токойдун арасын мекендейт. Каза болгондорду карга-кузгундарга жем кылбай ак кепиндеп көөмп ариетин жасашат. Эки жактан ээсин жоктогон ат кишенеп, ай талаада каңгыган ит армандуу улуду. Атасын жоктоп бала ыйлап, уулун жоктоп эне муңканды. Карыялардын көзүнөн аккан жашы ак сакалын аралай куюулуп турду.

Жомокчу карыя көп сүйлөгөндүктөн демигип кетти окшойт бир паска эки жакты карап далайга эс алып, анан алтын кебин ары улап кирди.

– Кайсы жерге келдим эле балам, эсиңе жара чыккырдыкы десе, ошентип жанагы жунгар калмактары биздин элди туш-тушка бөлүп азап көрсөтө баштабадыбы. Бирок жунгарларга бир нерсе болдубу, биздин элдин биримдигинен айбыгып жаттыбы, өз аймагына кетип калышты.

Акыры алар тынчып, кыргыз жергесине кичине пейпилдик орноду. Жер-жердеги, кокту-колот, карагай чердеги, тоонун үңкүрүндө жашаган адамдар чогулуп мурунку турагына келе башташты. Жунгарлар « Кыргыздарды баш көтөрө алгыс кылып кырдык»– дешти. Ошентип чачылган эл жыйылып, тербиген эл биригип, кайра тиричилигин өтөөгө киришти. Бирок аларга баш көз, камчы сап, тээк боло турган адам керек эмеспи. Башчы ажосунун баласы чоң казатта эрдик көрсөтүп шейит кеткен. Сакалы белине жеткен карыя:

– Айланайын калың эл кыжылдаган жунгарлар чапты эле деп апаат тукум курут болуп кетпейли, чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү удайлы!– деп карыя элди ынтымакка чакырды. – Айтканы туура,– деп улуу журт карынын кебине капка салды, макул болду. Ошентип эл биримдикке келип, баш көз боло турган Ажону шайлаш керек болгуп турду. Элдин башы катып, « Кимди ажо кылабыз, ажонун баласы да майданда мерт болду. Жок дегенде дагы бир уулу болгондо эмне? Кайсы уул ушул кыйналган журтту баштап кете алат. Ошондо жүздөн ашкан сакалы белине жеткен бир карыя пикирин айтып турду:

– Ажодон тукум калган жок анын баласынан артык көргөн бир кыраан ак шумкары бар эле. Ошону белги кылып учуруп көрөлү, алгыр кимге барып консо, ошол ажо болсун,– дешти.

Кээ бири айтты:

– Бир эси жок пендеге конуп анысы журтту башкара албай, мазебизди албайбы?

– Байкагыла! ажо журттун башкаруучусу элдин тагдырын акылы жок бирөөгө карматып жиберип, кайра өзүбүз кор болуп калбайлы!

–Аялынын тилин алган бир катынпоз болсо, биздин түбүбүзгө жетип кууратпасын.

– Айланайын журт азып-тозуп кетпейли,– деп санаага батып чарчаган эл эмне кылаарын билбей апдаарып турушту.

Дагы бир жеерде сакалчан карыя, чепкенин топчулап, ак сакалын жай акырын сылап жатып айтты:

– Кагылайын калк мурунку ажобуз акылман, баатыр, сөз билги туйгун эле анын учурунда элибиз өсүп-өндү, өркүндөдү. Мен бул кушту учуралы деген карыянын оюн кубаттайм. Кушту учуралы кыраан өзү билеер, байыртадан эле кыргыз эли алгыр кушту, күлүк бууданды бапестеп келген кыраан кимге барып консо, ошону ажо кылып шайлап алалы. Андан кийинкисин дагы көрө жатаарбыз.

Куш элдин жол таба албай кыйналып жатканын билдиби, токтоно албай каардуу түрдө шаңшып-шаңшып жиберди. Жаштар удургуй дуулдап кыйкырып жатышты:

– Учуралы.

– Учуруп көрөлү.

– Кудайга тобо!

– Айланайын куштун пири буудайык эл журтту ыйлата көрбө! –аппак сакалчан бир карыя муңканып айтып жатты.

– Ыраматылык ажонун алгыр, акылдуу кушу журтту алдабас, – эл уу-дуу болуп басылбай удургуй толкуп турду.

– Жаратканым өзүң колдой көр кимге консо тагдырыбыз ошол кишиге байланыштуу. Элибизди ошол адам башкарат.

Акыры куштун тилин билген ажонун башкы мүнүшкөрү Ажыбек куркук кыраанды колуна кондуруп, канат куйрйгун сылап, учурууга даярданды.

Улгайган карыя:

– Жараткан кудайым, ыйык канаттуум, элдин тагдырын сага, сени кудайга тапшырдым, эл үчүн байлык бийликке алданбаган журттун камын ойлогон тайманбас эр азаматка коно көр. Оомийин!– деп бата жолдоп безилдеп жиберди. Элдин баары ага кошулуп алаканын жайып кудайдан ырайым күттү.

Мээрим төккөн жай айы эле. Ыйык күн тийип айлана жаркып, кемелине келип турган болчу. Күкүктөр үн безеп сайрап, булбул куш чарчаганча күү чалып жаткан эле. Кыраан обого көтөрүлүп, алдыга сызып канат кагып баратты. Журттун баары элейе кайкыган куш караанды карашат. Шумкар тээ обого бийик учуп жогорулап, үстү тегерек бийик жерге барып конду. Ошол жерден тээ алда кайдагы чөлкөм алаканга салгандай даана көрүнүп турчу эле.

Калк айтты:

– Ажо бул аскага чыгып душманга дүрбү салчу.

– Кароол чоку.

– Бул жерден келаткан душман даана көрүнөт.

– Жарыктык канаттуум ээсин эстеп жатат. Тили жок куш болсо да баатырча келаткан жоону карап турат. Касиеттү кароол чоку. Теңирим жараткан. Тоодой алтынга бергис чоку. Бизге кыраандык жолун айтып жатат.

– Бул жерден келаткан душман даана көрүнөт.

– Арбакты сыйлап баш урууда.

Куш ал жерден айлана учуп мүнүшкөрдүн колуна келип конду.

Эл мүнүшкөргө:

– Шумкарды дагы учур кимге барып коноор экен- деп, жаалашты.

Жанагы аксакал куштун башын, канат куйругун дагы бир жолу эркелете сылап кушту учурду. Бул жолу кыраан эч кимге конбой бийик карагайдын башына барып жай алды. Кайран кыраан билген экен. Ошол карагайдын түбүнө ажо мезгил-мезгили менен элди чогултуп, курултай өткөрүп турчу. Эл эмне сунуш айтса, ажо ошол ойуду аткарган. Журт муну эстеп:

– Касиеттүү канаттуу элди сыйлап жатат.

Мүнүшкөр үчүнчү жолу кушту учурду. Канаттуу асманда үч ирет кайкып үн сала чыгышка карай сызды.

Журт:

– Ал келбейт.

– Кайра-кайра учура берип, бизге таарынды окшойт.

– Ал биз менен коштошуп алыс сапарга кетти.

Эл жакшылыкты үмтөтүпкуш кеткен тарапты колун серепчилеп карап турушту. Журт бул көрүнүштү жаманчылыкка жоруп жатты.

Көк асман. Куштан дарек жок. Муштумдай боз караан учуп отуруп, асманга сиңип кеткен экен. Эл кушту жоктоп, асманды карап, баарынан айрылгансып, жалдырап туруп калышты. Бир чай кайнамдай убак өттү шекилденет. Алыстаасмандан бир караан элге карай сызып келаткандай болду.

–Тетиги эмне?

– Бир караан сабалай учуп келатат.

– Көзү курч балдар карагылачы?

– Карарган ал эмне?

– Көк кажыр го.

– Тарп жору окшойт.

– Таз карабы.

– Алар чоң болот жай учат. Мунун учушу ылдам экен. Бир кыраан куш го.

– Бул чабыты алыска кеткен алгыр кыраан куш тура.

– Жарыктык зыпылдай учуп келатат.

– Ой, ажонун кырааны.

– Ал кайра келатат.

– Кудай берди.

– Айланайын жаратканым колдой көр!

– Эмне кылаар экен карап туралы.

– Бизден кетпесе экен. Теңирим бизге кубат берсин!

– Деги эли-журтубуз аман болсо экен.

Куштун учушу өтө олуттуу тыянак чечимге келгендей сыяктанат. Жаныбар болсо да, бүткүл элдин ой-санаасын билип тургандай сезилет. Эл кушту көрүп шыктана түштү. Канча кылса да мекен, эл жерин коргогон адамдан калган асыл таберик эмеспи. Асманда күүлдөгөн дабыш эшилип, жаныбар шукшурула келип ылдыйлап, анан жай каалгый абада айланып далайга туруп алды.

Журт:

– Кыраан бизди таштаган эмес экен.

– Ал таштабайт, эстүү жаныбар эмеспи.

– Акылдуу жаныбарды жаратканым колдой көр!

– Ал бизди ташташы мүмкүн эмес. Ал баарыбыздын колдоочубуз. Канаттуу жай акырын каалгып келип, Рыс деген кишинин оң ийнине жай жайгаша конуп кайраттуу шаңшып жиберди. Баары сүйүнө кубанып, кыйкырып жатышты. Эл токтоно албай термелет. Каны кызуу жаштар дүргүп дуулдап турушту. Эми Рыс деген ким эле? Майданга жибербей эл аны катып калган. Өзү жарды үй-бүлөдөн. Андай баатырлар эл ичинде өтө аз төрөлүп, өтө аз чыгат. Ал калыс журттун тагдырын ойлогон, акылман, чечен, баатыр адам болчу. Колунда болгон байлыгын жардыларга таратып бере берген. Эл башкарууга ылайыктуу адам болуп, жаштайынан эле калайыктын камын көздөп жүргөн. Ал каза болгон ажонун биринчи кеңешчиси болуп, ажо баардык ишин анын айтканындай аткарып жүргөн.

Карыялар:

– Кагылайын журт эл тербип турганда багыбыз бар экен.

– Рыска конду туура конду.

– Ал элдин камын ойлогон баатыр жигит.

– Мындай баатырларыбыз турганда элибиз кор болбойт.

– Өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коёт.

– Эми Рысты хан көтөрүп, Рысхан атайлы.

– Жаштар дуулдап кыйкырып жатышты.

– Биздин ханыбыз Рысхан!

– Рысхан!

– Рысхан!

– Рысхан!

Рысхан деген ат тээ обого теребелге бобу ачык ай-талаага тиги аркы карагай жыш өскөн жылгага чакырык болуп таралып жатты.

Ошентип журт Рысты хан көтөрүп, Рысхан деп, аташты. Жараткандын буйругу экен Рыс элге хан болуп калды. Кыргыздын кырк уруусу биригип баягы баскынчы кара кытай, калмак, манжуларга тең ата болуп, аларга эркиндигин алдырбады. Рысхан жаңы алтымыштан ашкан. Ал ары акылман, ары аяр, ары чечен көрүнүктүү аскер башы эле. Кыргыз элинин биримдигин чыңап, башка элдер менен тең ата жашап турду.

Карыя улама-санжырасын эң жакшы аяктады. Бул уламаны ал бирөөдөн укса керек ошол үчүн бизге жакшы айтып бербедиби. Мен аны толуктап туруп башкалар окусун деп кагазга түшүрүп койгом.


ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН УЧУРУ